Экологиялык аң-сезимди искусство аркылуу жогорулатуу: ЕККУнун колдоосу менен Нарын шаарынын тургундарына "АДАМ" аттуу балет спектакли биринчи жолу коюлду
2023 жылдын 29-октябрында Нарын шаарында экологиянын жана климаттын өзгөрүүсүнүн орчундуу маселелерин чагылдырган «АДАМ» аттуу балет спектакли биринчи жолу көрсөтүлдү. Бул демилге жаштар баш болгон “Кыргызстан студенттери жашыл экономика үчүн” коомдук уюму тарабынан, “ARTIS” демилгелүү тобу жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.
Бул чыгарманын негизги максаты – коомчулуктун экологиялык көйгөйлөргө жана мүмкүн болгон чечүү жолдоруна кызыгуусун тартуу. Адамдын, коомдун жана жаратылыштын ортосундагы татаал байланыштарды изилдөө үчүн чыгармачыл ыкманы колдонуу менен, бул спектакль глобалдык гуманитардык көйгөйлөр жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Буга чейин "ADAM" спектаклинин бет ачары таасирдүү натыйжаларды берип, Бишкек, Каракол жана Ош шаарларда 2500дөн ашуун көрүүчүнү топтогон. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргызстандын ар бир областында спектаклдин мындан аркы көрсөтүлүшүн уюштуруу процессинде активдүү иш алып барууда.
"Бул чыгарма экологиялык көйгөйлөрдү алга жылдыруунун толук инновациялык ыкмасы. Мен бул спектакль көрүүчүлөргө өчпөс из калтырып, эң башкы максатына – жаратылышка болгон терең сүйүүнү ойготууга жана баалуу жаратылыш байлыктарыбызды урматтоого тарбиялайт деп ишенем" - деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Башчысы, Элчи Алексей Рогов мырза.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси экологиялык көйгөйлөргө өзгөчө басым жасоо менен өлкөнүн заманбап экономикалык саясатын калыптандырууда ар тараптуу жардам көрсөтүү менен Кыргызстандын туруктуу өнөктөшү жана колдоочусу катары турат.