Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
Коопсуздук биринчи орунда: ЕККУ Кыргыз Республикасында ок-дарыларды сактоо практикасын жакшыртууда
Publishing date: 22 апреля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 15-апрелинен- 19-апрелине чейин Чек ара кызматынын 20 офицери Кыргыз Республикасынын Ош шаарында “Ок-дарыларды бункерлерде сактоо” аттуу окуу курсун аяктады. Бул курс ок-дарыларды эл аралык техникалык колдонмого (IATG) ылайык бункерлерде сактоо практикасын жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын жайылышына каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүүдө
Publishing date: 4 марта 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Ош шаарында курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн терс таасирин жоюуга багытталган “Чек арадагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү” аттуу окуу курсу болуп өттү.
Кылмыш-жаза кызматын талдоо: ЕККУ менен ИНТЕРПОЛ Кыргызстандын милиция кызматкерлерин колдоо үчүн күчтөрдү бириктирүүдө
Publishing date: 13 декабря 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2023-жылдын 20-ноябрдан 24-ноябрга чейин ЕККУнун Трансулуттук коркунучтар боюнча департаменти, ИНТЕРПОЛ, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери үчүн криминалдык чалгындоону талдоо боюнча окуу курсун өткөрүштү.
Кыргыз Республикасы менен ЕККУ терроризмге жана терроризмге алып келген зордук-зомбулук экстремизмге жана радикалдашууга каршы күчтөрдү бириктирүүдө
Publishing date: 4 декабря 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 2023-жылдын 21-ноябры- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы борбору (КР УКК ТКБ) ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Министрлер кабинетинин программасын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүлөрдү ишке ашыруу максатында тегерек стол өткөрдү.
Кыргызстанда ЕККУнун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү бангизаттарды табуу боюнча Кинологиялык сынагы алып барылды
Publishing date: 23 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек шаарында 2023-жылдын 18-20 октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүүчү Кинологиялык сынагы алып барылды. Милиция күнүнүнө арналган сынакка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөөшү кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы катышты.
Келечектеги коопсуздукту бирге бекемдөөдөбүз: Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылында «Жаш чек арачы классынын» ачылыш аземи болуп өттү
Publishing date: 12 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Тогуз-Булак, 2023-жылдын 12-октябры- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылында “Жаш чек арачы классынын" салтанаттуу ачылышын өткөрүштү. Бул салтанаттуу ачылыш тараптардын чек ара коопсуздугун сактоо жана эл аралык коркунучтарга каршы туруудагы жалпы умтулуусун көрсөттү.