Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын жайылышына каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүүдө
Publishing date: 4 марта 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Ош шаарында курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн терс таасирин жоюуга багытталган “Чек арадагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү” аттуу окуу курсу болуп өттү.
ЕККУ Кыргызстанда экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдоодо
Publishing date: 16 февраля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Countering terrorism
2024-жылдын 15-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баа берүүгө арналган үч күндүк семинар аяктады.
Кыргыз Республикасы менен ЕККУ терроризмге жана терроризмге алып келген зордук-зомбулук экстремизмге жана радикалдашууга каршы күчтөрдү бириктирүүдө
Publishing date: 4 декабря 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 2023-жылдын 21-ноябры- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Терроризмге каршы борбору (КР УКК ТКБ) ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Министрлер кабинетинин программасын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүүлөрдү ишке ашыруу максатында тегерек стол өткөрдү.
Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен санариптештирүү аркылуу кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүдө
Publishing date: 21 ноября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Экономикалык ишмердүү, Countering terrorism
2023-жылдын 21-ноябрында финансылык кылмыштарга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган Бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык тутумдун (БМАТ) презентациясы болуп өттү. Бул демилге ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тарабынан ишке ашырылууда.
ЕККУ Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин институттук потенциалын бекемдөөдө
Publishing date: 1 ноября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Куралдануунун үстүнөн контр, Чек ара режими, Countering terrorism
2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ош шаарында модернизацияланган эки окуу кабинетинин ачылышын белгиледи.
Кыргызстанда ЕККУнун колдоосу менен жыл сайын өтүүчү бангизаттарды табуу боюнча Кинологиялык сынагы алып барылды
Publishing date: 23 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек шаарында 2023-жылдын 18-20 октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жыл сайын өткөрүүчү Кинологиялык сынагы алып барылды. Милиция күнүнүнө арналган сынакка Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бангизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөөшү кызматы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы катышты.
Келечектеги коопсуздукту бирге бекемдөөдөбүз: Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылында «Жаш чек арачы классынын» ачылыш аземи болуп өттү
Publishing date: 12 октября 2023
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Тогуз-Булак, 2023-жылдын 12-октябры- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Тогуз-Булак айылында “Жаш чек арачы классынын" салтанаттуу ачылышын өткөрүштү. Бул салтанаттуу ачылыш тараптардын чек ара коопсуздугун сактоо жана эл аралык коркунучтарга каршы туруудагы жалпы умтулуусун көрсөттү.