Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
Коопсуздук биринчи орунда: ЕККУ Кыргыз Республикасында ок-дарыларды сактоо практикасын жакшыртууда
Publishing date: 22 апреля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 15-апрелинен- 19-апрелине чейин Чек ара кызматынын 20 офицери Кыргыз Республикасынын Ош шаарында “Ок-дарыларды бункерлерде сактоо” аттуу окуу курсун аяктады. Бул курс ок-дарыларды эл аралык техникалык колдонмого (IATG) ылайык бункерлерде сактоо практикасын жакшыртууга багытталган.
ЕККУ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өнүктүрүү фонддорунун долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методологиясын жакшыртууда
Publishing date: 11 апреля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Экономикалык ишмердүү
жылдын 9-апрели – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине региондук өнүктүрүү фонддору тарабынан каржыланган долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо (МжБ) практикасын жакшыртууга багытталган комплекстүү методологияны иштеп чыгуу аркылуу колдоо көрсөттү.
ЕККУ Кыргызстанда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы укуктук чараларды күчөтүүгө салым кошууда
Publishing date: 29 марта 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2023-жылы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси (Программалык кеңсе) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы (КР ИИМ БЗМЖКК) менен биргеликте баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча улуттук мыйзам долбоорун иштеп чыгарылды.
ЕККУнун колдоосу менен Кыргызстан аралык жаштардын көчөт отургузуу кампаниясы кайрадан уланууда
Publishing date: 25 марта 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Climate change, Айлана-чөйрөнү коргоо, Жаштар
2024-жылдын 23-марты – Кыргызстандын жаштары Баткен облусундаа 555 итмурун жана 1000 Виргин арчасынын көчөттөрүн отургузуп, муну менен өлкө боюнча салттуу Жаштар көчөттөрүн отургузуу кампаниясын баштады.
Кыргыз Республикасы ЕККУнун колдоосу менен ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын жайылышына каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүүдө
Publishing date: 4 марта 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
2024-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Ош шаарында курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн терс таасирин жоюуга багытталган “Чек арадагы ок атуучу куралдардын жана жеңил куралдардын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү” аттуу окуу курсу болуп өттү.
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташтыкты жана диалогду өнүктүрүү максатында консультативдик механизмин алып барууда
Publishing date: 27 февраля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, Кыргыз Республикасы –2024-жылдын 27-февралы Бүгүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси консультациялык механизмдин алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана жарандык коомдогу бардык өнөктөштөрү менен жолугушту. Бул атайын жыл сайын өтүүчү консультациялар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетишкендиктериy талкуулоого жана келерки жылга пландарды белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
ЕККУ Кыргызстанда экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн алдыңкы ыкмаларын колдоодо
Publishing date: 16 февраля 2024
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Countering terrorism
2024-жылдын 15-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баа берүүгө арналган үч күндүк семинар аяктады.